Салмактары 2 килограммдан жогору. Бишкекте 3 эм төрөлдү

Бишкекте 3 эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эгиздердин эжеси билдирди.

Анын айтымында, балдар 16-ноябрь күнү Бишкектеги №4 төрөт үйүндө төрөлгөн. Ымыркайлардын салмактары - 2 килограмм 290 грамм, 2 килограмм 380 грамм жана 2 килограмм 220 грамм.

"Иним менен келинимдин бир кызы бар. 16-ноябрь күнү 3 эркек балалуу болушту. Эненин жана балдардын абалы жакшы. Үчөөнүн тең салмактары 2 килограмдан жогору төрөлдү. Дарыгерлер абдан таң калышууда. Кубанычыбызда чек жок", - деди 3 эмдин эжеси.

Эгиздердин ата-энеси буга чейин Наиля аттуу кыздуу болушкан. Учурда ал 1 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Haanykeim
2020-11-19 09:23:34
Өмүрлөрү узун болсун!ыймандуу эл керегине жараган уулдардан болсун.Аллахым бизге да насип кылсын эгиздерден..
+12
bond02
2020-11-19 09:26:03
Садыр, Жапар, Нургожо деп коюп албасын аттарын дагы, башка эле ысым коюшсун да наристелерге.
+13
Benazir08
2020-11-19 10:23:50
Маашаллах бизге да жуксун быйыл кобу ушундай 3эмдерден кобойо берели. Омуру мн берген болсун акыл эси ыйманы менен кыргыз элинин керегине жараган чыгаан уулдардан болсун. Ата энесинин да бакыты тоодой болсун. Эми эгиз торогон,3 эм балалууларга жок дегенде 2 комната уй берип койсо болот эле окмот.
+9
Asel69
2020-11-19 10:56:35
Жараткан Тенирим ушуларга омур берсин. Тенирим колдоп жакшылыктар гана болсун.
-13
algakaray
2020-11-19 22:34:34
Куттуктайбыз!!! Омурлуу болушсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан