"Ата-Түрк" эс алуу бакчасындагы адамга күч колдонуп, телефонун тартып алган. Бишкекте эки башка кылмышка шектелген жаран кармалды

Бишкекте эки башка кылмышка шектелген жаран кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 26 жаштагы жаранга эки башка берене менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

17-ноябрда болжол менен саат 19:10 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө "Ата-Түрк" эс алуу бакчасынан уюлдук телефонун уурдатып алган жарандан билдирүү келип түшкөн.

"Жерине милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1999-жылы туулган Т.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында белгисиз жаран арыз ээсине күч колдонуп, баасы 15 миң сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткени айтылган.

Мындан тышкары ошол эле "Ата-Түрк" эс алуу бакчасынан 1967-жылы туулган К.М. аттуу дагы бир жаран милициянын кайгуул кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран арыз ээсине карата бейбаштык кылып, денесине зыян келтиргени кабарланган.

Издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (Тоноо) жана 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан