Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер тагып айдаган айдоочуну кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта иш учурунда саат 12:12 чамасында Анкара көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги шек жараткан, унааны токтотушкан. Кайгуул кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган К.Т. аттуу айдоочу унаасына жасалма номер тагып айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилип, ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИББдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.