"Дзюбанын жоктугубу?". Футбол боюнча Орусия курамасы 16 жылдан бери биринчи жолу ири эсепте жеңилүүгө учурады

Улуттар Лигасынын тайпалык баскычынын 6-турдук оюнунда Сербия курамасы Орусияны өз үйүндө кабыл алды. Оюн кечээ, 18-ноябрда Белград шаарындагы "Райко Митич" стадионунда өтүп, 5:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Бул жеңилүү Орусия курамасы үчүн 2004-жылдан берки эң ири жеңилүү болду. Анда башкы машыктыруучу Георгий Ярцевдин жетекчилиги астында Орусия курамасы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда Португалияга 7:1 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында Ярцевдин ордуна Юрий Сёмин дайындалган.

"Бул оюндун жыйынтыгы кызматтан кетүүгө негиз боло алабы? Биринчиден, маселе менде эмес. Экинчиден, турнирди жакшы баштадык, бирок жакшы жыйынтыктай алган жокпуз. Бүгүнкү оюн команда менен ойноо керектигин көрсөттү", - деген оюндан кийин Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов.

Сербия - Орусия (5:0);

Голдор: Неманя Радонич (10-мүнөттө), Лука Йович (25, 45-мүнөттөрдө), Душан Влахович (40-мүнөттө), Филип Младенович (64-мүнөттө).

Сербия - Орусия (5:0)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond
2020-11-19 09:50:48
Дзюба команданы да нас кылыпсын.
+2
bond02
2020-11-19 10:15:01
О.уракка арпа талкан шылтоо дейт беле.
+1
Talantus
2020-11-19 11:25:51
Негизги орустар жарытылуу ойногон эмес. Тырышып ойнобойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан