Орусия өспүрүм кызды зордуктоого шектелген Кыргыз жаранын экстрадициялады

Орусия тарап издөөдө жүргөн 22 жаштагы Кыргыз жаранын экстрадициялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары расмий маалыматка таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Кыргыз жараны укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Ал ушул жылдын январь айында Орусиянын Озинский районундагы чек арадагы текшерүү учурунда кармалган. Анда ал Кыргыз жараны экендиги, Орусиянын жарандыгын албагандыгы аныкталган.

Ал Кыргыз өлкөсүндө 2015-жылы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип, издөөдө жүргөн.

Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы 22 жаштагы жаранды Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп берүүнү уюштурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekov01
2020-11-19 20:19:46
Камчыбек Ташиев еркек. Мындан башка дагы 13 жылдан бери алып келе албай жургон кылмышкерлерди откозуп берип жатат орусия
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан