Шашылыш билдирүү! 19-21-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт

19-21-ноябрда өлкөнүн аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

19-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 19-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-21-ноябрда абанын температурасы абдан төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, чыгышында -6…-11° суук, күндүз -2° сууктан…+3°ка чейин жылуу болот, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан