Депутат Дастан Бекешев Конституция долбоорун ким жазганын айтып чыкты

Конституциянын жаңы долбоорун экс-президент Курманбек Бакиевдин юристи жазган. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармакка видео жүктөдү.

Анда эл өкүлү Конституция долбоорун Бектур Зулпуев жазганын, ал Курманбек Бакиевдин юристи болгонун айткан.

"Мына далил. Курманбек Бакиевдин юристи Бектур Зулпуев Конституциянын долбоорун жазган. Кааласаңыздар кирип көрсөңүздөр болот. Жогорку Кеңештин сайтында бул файл 13-ноябрда түзүлгөн. Анын автору Бектур Зулпуев. Ал эми кечээ депутаттар окубай туруп кол коюп беришкен. Кээ бирлери бүгүн окуп башташты. Кай бирлери жөнөкөй суроолорго жооп бере албай жатышат. Бул деген уят ", - деген депутат.

Депутат Дастан Бекешев Конституциянын долбоорун ким жазганын айтып чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asel69
2020-11-19 11:57:15
Кыргыз элинин тагдырын жалгыз Бакиевтин юристи чечип калган экен да. Садыр калп эле кормоксон, билмексен болбой эле койсун. Садырдын тупку максаты болгон бийликти менчиктеп алыгысы келип жатат. Илгери Бакиев ушул жон менен барып, аягы куулуп чыккан. Садыр Жапаров мындай сасык оюндарын токтотсун.
-7
nazira...
2020-11-19 22:30:49
Asel69,ушинтип былжырай бергенинди токтотчу,
0
Simels
2020-11-19 11:59:35
Жапаров алга! Иттер үрө берет, кербен жүрө берет!
+8
Nina.alex
2020-11-19 12:24:27
Мен жапаровка такыр ишенбейм. Ушунча эл карангы экенин эми тушундум. Бираз оз оюнду айтсан согуп сагып каргап шилеп эле жатып калышат садырчылар. С
-5
nurbek56
2020-11-19 12:56:09
Садыр Жапаров Алга 120.депутатты алып келсенер дагын 20-30 жыл артка кетесинер ойлонгула очойтуп карызды алышат жейт чычат жооп берчу эч ким жок карызды кайра карапайым калк толойт
-7
Asel69
2020-11-19 14:06:42
Эгер Бакиевтин юристи, Садырга деп жазып берген диктатордук мыйзам отуп кетсе, анда келечегинерди жыйыштырып койгула
-1
Arzybekkg
2020-11-19 14:19:56
Asel69,ошондо сен кыргыз болуш учун биринчи орус болуш керек деген кемчентой жомокчуну шайлагыла дегин келип жатавы? Кечирип кой биз Садыр Жапаровду мин каралоо бут тосуу кылсанар да шайлайбыз
+2
sultan_bek
2020-11-19 14:47:30
Arzybekkg,
Садыр Жапаров зордук, куч колдону менен бийлике кокустан келип албадыбы. Эмне учун Садырды сурака чакырышпайт. Мыйзамды сыйлаган олкобуз деп мактангыбыз келсе, анда Садыр Жапаровтун мыйзам алдында жооп бере турган жазасы бар. Эгер Кыргызстанды бир уч топла башкара берсе, анда Кыргызстан 15ке чачырап кетебиз.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан