Милициянын кайгуул кызматы күйүп жаткан өрттү өчүрүүдө алгачкы жардамды көрсөтүштү

Милициянын кайгуул кызматы күйүп жаткан өрттү өчүрүүдө алгачкы жардамды көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 10:00 чамасында Эркиндик жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен көп кабаттуу курулуп жаткан имараттын жумушчулары үчүн орнотулган вагондун алоолонуп күйүп жаткандыгын байкашкан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери тийиштүү өрт өчүрүүчү кызматтарды чакыруу менен бирге өрттүн андан ары тутанып кетишине жол бербей, эвакуациялоо иштерин жүргүзүп, тиешелүү кызматтар келгиче ошол жерди курчоого алып турушкан. Көп өтпөй өрт өчүрүүчү кызматы келип, өрттү толук кандуу өчүргөн. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес. Өз кезегинде кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине курулушчулар ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан