Опера жана балет театрынын мурдагы директору Финпол тарабынан кармалды

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган мамлекеттик мекеменин мурунку директору О.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына, ошондой эле маданияттын жана искусствонун кызыкчылыктарына каршы келген келишим түзгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүн, 19-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда кармалган жарандын баш коргоо чарасы каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан