Чүй облусунда жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусунда жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-ноябрь түнү Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда болгон. Анда унаа жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ыкчам иликтөө тобу коопсуз шаардын камералары аркылуу унааны табышкан. Анда ал жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жаранды сүзгөн. 18-ноябрда Фольксваген Гольф унаасы айып короосуна токтотулган. Унааны 1988-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Айдоочунун иши тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан