Бишкекте коомдук транспортторго 775 миң 500 сомго айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрга карата 5 миң 200гө жакын унаа санитардык текшерүүдөн өткөн.
"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан айдоочулардын укук бузуулары боюнча Кодекстин 150-беренесине ылайык, 234 протокол түзүлүп, 239 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле 9 менчик ташуучу компаниянын башчыларына 293-берене боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдун суммасы 117 миң сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаары боюнча патрулдук милиция жана Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан 419 миң 500 сомдук 157 протокол түзүлдү.
Транспорттук блок үчүн айып пулдардын жалпы суммасы 775 миң 500 сомго жетти.