"Болбойсуңбу!", "жана эмнеге чалдың эле", "байпагым кайда?" дей беришет. Мырзалар тууралуу белгилүү айымдардын айткандары

19-ноябрь - Эркектердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн алгачкы жолу 1999-жылы Тринидад жана Тобаго өлкөлөрүндө белгиленип, кийин бул майрам Бириккен улуттар уюмунун колдоосуна ээ болгон. Майрамдын өзөгү гендердик дискриминацияга жана бир жыныстуу никеге каршы коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Учурда бул күн майрам катары жалпы 60тан ашык өлкөдө белгиленет.

Майрамга карата эркектер тууралуу "фактыларды" топтоп көрдүк. Тагыраагы, айымдардын көзүнө көрүнө берген, кээде кыжырды келтирген, дайыма кайталаган, бирок "эркек да" деп кол шилтеп, көз жумуп койгон адаттарын белгилүүлөр айтып беришет.

Ырчы, актриса Назира Бердигулова үйдө мырзалардын кыжырды келтирген адаттары көп экенин айтып, айрымдарына токтолду.

* Тойго же дагы бир жакка конокко барарда "болбойсуңбу, чыкпайсыңбы!?" дегени кыжырды келтирет. Сен мырзаны биринчи даярдап (кийимдерин үтүктөп, бут кийимин майлап) кийинтип, галстугун оңдоп коюп, өзүң даярданасың. Ошол убакытта шаштыра берген адаттары бар. Бул ар бир үйдө жана көп кайталанат.

* Дагы бир "нервди ойноткон" адаттары - чукул маселе жаралып, телефон чалганда такыр албаганы. Маселени чечип алгандан кийин "эмне болду эле?" деп чалып коюшат.

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова мырзалар үчүн нормалдуу делинген нерселерди аял киши кылса одоно көрүнөрүн айтат.

* Эркектер үйдүн ичинде жарым-жылаңач болуп жүрсө нормалдуу көрүнүш деп кабыл алынат. Элестет, биз ошентип жүрсөк кандай кабыл алышат (күлүп)?

* Мырзалардын какырып-түкүрүнгөнүнө "эркек да" деп кол шилтеп коёбуз.

* Эркектердин эки жакка басканы дагы "эркекчилик, ошондой болуш керек" деп кабыл алынат. Эгер кыздар ошентсе жетчү жерине жеткире айтып, жеңил ойлуу катары кабыл алышат.

* Мырзалар этиканы карабай тамак жеши мүмкүн. Анткени "эркек деген сукулдап жеш керек" деп айтылат. Кыздар ошентип жесе тарбиясы жок дешет.

Орусиялык алып баруучу Лариса Гузееванын тамашалуу цитатасы: "Жакшы эркектерди бала кезинде эле тандап кетишет".

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли: "Аял кандай гана күчтүү болбосун ал өзүнөн күчтүүрөөк эркекти издейт. Бирок менин эркиндигимди чектесин деп эмес, анын жанында өзүн алсыз сезе алышы үчүн".

Ошондой эле "Негизинен бардык эле эркектер окшош, болгону табармандыгы түрдүүчө..." деген дагы кеп көп тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BemaAzat9290
2020-11-19 23:56:06
Да туура айтылган создор
0
Mubarak
2020-11-20 00:37:36
Биз машинанын ключун Отто коп издейбиз:)
+1
Mister-XXX
2020-11-20 16:40:36
Назира дагы эле эркектерге тийишип өтүптүр ээ.Табигат аял менен эркекти ошондой жараткан.Аял кишиге да көп артыкчылык берилген.Назиранын аны түшүнүүгө деңгээли жетпейт го.Эркекке теңелем деген аялды жинимден жаман көрөм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан