Жалал-Абадда үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштеп баштады

Жалал-Абад шаарындагы үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштеп баштады. Башпаанексиз адамдарга кам көрүү максатында мэриянын алдындагы “Кайрымдуулук борбору” тарабынан атайын жай уюштурулган. Имарат 20 адамга ылайыкташып, эркектер менен аялдарга эки башка бөлмө каралган.
Ноябрь айынан тарта кабыл алып баштаган түнөк үйүнө күн сайын 10го жакын адам келүүдө. Аларга бир маал ысык тамак берилет.
Төшөк-жууркан, кийим-кечелер менен камсыз болушат. Башпаанексиз, кароосуз жарандар мында жазга чейин камкордукка алынат.
Жергиликтүү бийлик жыл сайын кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жокторго, ушул жол аркылуу жардам берүүнү колго алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан