13 жылдан бери киши өлтүрүү фактысы менен издөөдө жүргөн жаран Орусияда кармалды

Киши өлтүрүү фактысы менен издөөдө жүргөн жаран Орусияда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана Орусиянын аймагында жашынып жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иштерин улантууда. Анда Жалал-Абад облусунда 1988-жылы туулган С.Т. аттуу жаран киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн.
"2007-жылдын 9-октябрында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду сабап, денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган. "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, 2008-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
2020-жылдын 17-ноябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Москва шаарында изделип жаткан жаран кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жаран он үч жыл жакын туугандарынын жанында жашап жүргөндүгү белгилүү болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, өлкөгө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө",- деп билдирет басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-11-19 21:56:39
13 жыл качпаганыңда срогуң бүрүп калмак экен чубак!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан