Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн башында министр Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын өнүгүшү жөнүндө кыскача маалымат берди. Эки өлкөнүн министрлери Кыргыз-Тажик эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин, саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Казакбаевдин сунушу боюнча министрлер чек ара аймактарынын аймагында биргелешкен ишканаларды куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишти. Мамлекеттердин ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, Мухриддин жакынкы аралыкта эки өлкөнүн авиация департаменттеринин өкүлдөрүнүн ортосунда онлайн форматта консультацияларды уюштурууну сунуш кылды.