Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгында 4 адам каза болгон. Бул иш боюнча сот чечим чыгарып, анда айдоочуну 7 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле сот айыпталуучуга мунапысты кандай негизде кабыл алганын SUPER.KG порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"BMW Х7 унаасынын айдоочусу Эльдияр Халмурзаевге карата жаза белгилөөдө, сот кылмыштын мүнөзүн, жашы жете элек иниси менен жээнине камкорчу болуп дайындалганын. Ошондой эле үй-бүлөнү жалгыз бага турган адам экенин, күнөөсүн толук моюнга алып, жасаган кылмышына чын жүрөктөн өкүнгөндүгүн, жабырлануучулардын айыпталуучуга карата доосу жоктугу эске алынган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 7-июль күнү Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.