Кант шаарындагы жол кырсыгынан каза болгондор Нарын шаарынын тургундары болушат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар: 1. 2005-жылы туулган А.Э. (кыз киши)
2) 1980-жылы туулган М.А. (аял киши);
3) 1947-жылы туулган О.Р. (аял киши);
4) 2020-жылы туулган Д.Т. (наристе);
5) 1965-жылы туулган К.Н. (аял киши);
6) 2007-жылы туулган К.К. (эркек киши).
Мындан тышкары 3 адам жаракат алган. Алар:
1.Нарын шаарынын 1994-жылы туулган С.Р. айдоочу;
2.Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну Т.К. (кыз киши);
3. Нарын шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Ж.А. (эркек киши).
Жабырлануучулар Чүй облусундагы ооруканалардын бирине жаткырылган.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
18-ноябрда Хонда Степвагон автоунаасы менен жүк ташуучу КамАЗ үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, үч адам каза болгон. Андан кийин дагы 3 адам каза болгон.