Бишкекте америкалык ырлардын сынагы өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, конкурска катышкан 700 талапкерлердин ичинен 8 студент жана 10 окуучу тандап алынган. Алар бүгүн финалда ат салышат. Конкурс "TV1 KG Шаары" жана YouTube каналдарында түз эфирде көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, финалдык турда Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, ырчы Мирбек Атабеков, "Henhouse Prowlers" америкалык тобунун аткаруучусу Бен Райт жана АКШнын элчилигинин өкүлү калыстык кылат.
Окуучулардын ичинен 65и орто мектептин окуучулары. Алар Ош, Нарын, Талас облустары жана шаардагы мектепте окуган окуучулар. Ал эми студенттер Ош жана Бишкектеги 7 жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.
Аталган сынак жыл сайын өтүп келет. Максаты - жаштарды англис тилин үйрөнүүгө шыктандыруу жана АКШнын маданиятын тааныштыруу. Бул жылы коронавирус илдетинин кесепетинен сынак онлайн өтөт.