Буга чейин Финансы министрлигинин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалган каражаттар боюнча берген отчёту суроо жараткан.
Анда "Пандемия менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 56 миллион 100 миң доллар түзгөн акча каражатын эл аралык донорлордон тартылды.
Бүгүнкү күндө каражаттын 8 миллион 700 миң доллары иштетилип, 32 миллион 750 миң доллар 2020-2021-жылдарга калтырылды", - деп жазылган.
Аталган маалымат боюнча SUPER.KG порталына финансы министринин орун басары Алмаз Азимов түшүндүрмө берди. Анын айтымында, отчётто цифралардан ката кеткен.
"Сырттан келген 56 миллион 100 миң доллардын 8 миллион 700 миңи жумшалып, 47 миллион 400 миңи калган. Бул каражаттар кийинки жылдарга өткөрүлөт. 32 миллион 750 миң доллар калды деген маалымат ката", - деди Алмаз Азимов.