
Айрым бодо малды экспорттоого убактылуу тыюу салбасак көйгөйлөргө дуушар болобуз. Мындай пикирин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри
Тилек Токтогазиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, төлдөй турган жандыктардын санын көбөйтүү зарыл.
"Айрым мал жандыктарынын түрлөрүн экспорттоого тыюу салынуусунун негизги себеби - бул төлдөй турган жандыктардын кескин азайып кетиши. Эгерде чектөө киргизилбесе бул жылы жана келерки жылдары көйгөйлөргө дуушар болобуз. Биз мал-жандыктарын жасалма уруктандыруу жолдору менен эт жана сүт продукцияларын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Ошондуктан Айыл чарба министрлигинин алдындагы жандыктарды жасалма уруктандыруу боюнча "Элита" станциясынын ишин жакшыртууну көздөп жатабыз", - деп жазган Токтогазиев.