18-ноябрь күнү Кант шаарында Хонда Степвагон унаасы менен КамАЗ сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 3 адам каза болгон. Калгандары "Тез жардам" кызматы аркылуу Ысык-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген.
Андан кийин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаада жүргүнчү катары бара жаткан дагы үч адам каза болгонун билдирди. Каза болгондордун арасында 1ге чыга элек наристе бар.
Бүгүн, 20-ноябрда Чүй ОИИББи каза болгондор менен ооруканада жаткандардын аты-жөнүн толук жарыялады. Алар: 2005-жылы туулган А.Э. (кыз киши)
1980-жылы туулган М.А. (аял киши);
1947-жылы туулган О.Р. (аял киши);
2020-жылы туулган Д.Т. (наристе);
1965-жылы туулган К.Н. (аял киши);
2007-жылы туулган К.К. (эркек киши).
Ооруканада жаткандар;
1.Нарын шаарынын 1994-жылы туулган С.Р. (айдоочу);
2.Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну Т.К. (кыз киши);
3. Нарын шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Ж.А. (эркек киши).
Ысык-Ата аймактык ооруканасынын директорунун орун басары SUPER.KG порталына Хонда Степвагон унаасынын 25 жаштагы айдоочусу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.
"Абалы оор. Ал эми 8 жана 21 жаштагы жүргүнчүлөрдүн абалы туруктуу", - деди директордун орун басары.
Учурда Ысык-Ата РИИБи бул жол кырсыгынын келип чыгуу себептерин аныктап жатышат. Ошондой эле бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.