Бүгүн, 20-ноябрда футзал боюнча Кыргыз курама командасы менен Өзбекстан курамасы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш Ташкент шаарындагы "Бунёдкор" спорт комплексинде өтөт.
Буга чейин аталган эки команда 17-ноябрда беттеш өткөрүп, Кыргыз өлкөсү 2:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болгон. 18-ноябрда Тажикстан менен беттеште кыргыз футболчулары 1:1 эсебинде тең чыгышкан.