UFC уюмунун кыз-келиндер арасындагы жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко эң опурталдуу беш мушкердин катарына кирди. Бул тууралуу UFC расмий сайтына жарыяланды.
Эң опурталдуу 5 мушкер: Бразилиялык Дейвисон Фигейред, Кыргыз өлкөсүнөн Валентина Шевченко, Камерундан Франсис Нганну жана Кубадан Йоэль Ромеро, ошондой эле америкалык Тони Фергюсон.