Алып баруучу, журналист Канышай Рысбекова социалдык тармакка сырдуу мырзадан букет алган видеосун жарыялады. Анда бейтааныш жигит алып баруучунун үйүнө барып, босогодон кучак толо гүл тартуулаганын көрүүгө болот. Видеонун алдына Канышай Рысбекованын күйөрмандары жакшы каалоо-тилектерин, "бактылуу бол" деген жылуу пикирлерин калтырышууда.
Көпчүлүктүн суроосуна жооп алуу үчүн алып баруучуга байланышып, гүл тартуулаган мырза жөнүндө сураганыбызда буларга токтолду.
"Алып баруучу, тамада Канат Шабданбеков экөөбүз бир роликке тартылганбыз. Мен жарыялаган видео ошол роликтин үзүндүсү", - дейт ал.