Апта аягына чыгып, эс алуу күндөрүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан кез. Октябрь айынан бери саясатты гана акмалаган эл. Буга жараша элди зериктирбей, талкууга жем таштаган ар кандай жаңылыктар.
Шайлоого катышам деп өз ыйгарым укуктарын токтоткон Садыр Жапаровдун ордуна калган Талант Мамытовдун иш бөлмөсүндө штандарттын жок экенин байкаган кыраакы интернет колдонуучулары ага издөө салышты. Жаңы Конституциянын авторлорун бат эле издеп табышкан колдонуучулар азырынча штандартты табыша элек, расмий жактар да бул тууралуу үн ката элек.
Жаңы Конституцияны ары калчап, бери калчап окуганы да, окубаганы да сөз кылып жаткан маалы. Жаңы Баш мыйзамга тырмактай да тиешем жок деген депутаттар чекесинен суракка чакыртыла баштагандарын айтып баракчаларына жазып чыгышты. Ал эми ИИМ болсо бир нече депутаттар октябрь айында болгон окуялар боюнча суракка чакырылып жатканын айтып, эл өкүлдөрүн жана коомчулукту жөн эле ызы-чуу түшпөөгө чакырды.
Кыргыз өлкөсүндө мыйзамдын атасы аталган Өмүрбек Текебаев кайрадан көңүл чордонунда. Сындалса да сына элек Текебаев жаңы мыйзамды жазган адамдардын бирине түз эфирде "Сиз эч ким эмессиз" деп айткан сөзү социалдык тармактарда желдей тарап, ар кандай мэмдердин чыгышына себеп болду. Бул сөздү Текебаев Зулпуевге эле айттыбы же? Негизгиси Текебаев жаңы Баш мыйзамга караманча каршы экенин билдирди.
Дайыма өзгөчө бир окуяларды жарата билген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева бул ирет да коомчулукту таң калтыра алды. Ал таштандынын арасында сүрөткө түшкөн. Интернет колдонуучулары Шагиеванын бул сүрөттөрүн ар кандай талкууга алышкан.
Азык-түлүк, буга кошулуп кыргыз сүйүп жеген эттин баасы асман чапчып, эл нааразы боло баштады эле айыл чарба министри Тилек Токтогазиев баалар турукташканга чейин чет өлкөгө мал-жандыктарын экспорттоого тыюу салды. Коомчулуктун бир тарабынын мүдөөсү аткарылды, мал сатып иштеген экинчи тарап нааразы болбогой эле.