Белгиленген чектен ашыкча кыргоол аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан 30-октябрда браконьерчиликке бөгөт коюу максатында Жайыл районунун Малтабар айылынын түндүк тарабында ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн.
"Рейд учурунда Субару автоунаасы токтотулган. Айдоочу Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Н.С. аттуу жараны экени аныкталып, текшерүү учурунда анын атына катталган тийиштүү документтер: мамлекеттик аңчылык күбөлүгү, №14 мергенчилик мүчөлүк билети жана №03577 кыргоолду атууга сезондук билети болгон.
Ал жаран тарабынан 4 даана кыргоол атылганы аныкталып, ал эми ашыкча кыргоол атканы үчүн “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 192-беренесине ылайык 12 миң 500 сом айып салынып, 10 миң сом өлчөмүндө доо коюлду", - деп жазылат маалыматта.