Ашпозчу: "Бул жердегидей заманбап ашкана айылдарда дагы болсо деп кыялданып кеттим"

Бишкекте бүгүн, 20-ноябрда "Мыкты мектеп ашпозчусу" аталышындагы сынак болуп өттү. Аталган сынакка ар кайсы региондон (Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош) келген 5 ашпозчу "Мыкты мектеп ашпозчусу" наамы үчүн ат салышты.

Аталган сынакта 1-орунду алган катышуучу Анара Базаркулова кубанып, бул кесипти тандап алганына ыраазы болуп жатканын айтып өттү.

"Мен Талас облусундагы Торкобүбү Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебинин ашпозчусу болом. Сынак пандемия убагына чейин эле башталган. Оор кырдаал келип калганына байланыштуу сынактын финалы бүгүн өтүп жатат. Мен дээрлик 3 жылдан бери мектепте ашпозчу болуп эмгектенип келе жатам. Кичинекей кезимден эле тамак жасаганга кызыгуум чоң болчу. Ошондуктан ашпозчулук кесипти окугам.

Сынакта төө буурчактан котлет жасадым. Бизде Талас жергесинде буурчак өстүрөбүз да. Анда көптөгөн ден соолукка абдан пайдалуу түрдүү витаминдер бар. Пайдалуу жана даамдуу болушу үчүн ушул тамакты жасадым.

Азыркы учурда жеңүүчү болгонума абдан кубанып да, толкунданып да жатам. Сынакка катышып жатып, бул жердегидей заманбап ашкана айылдарда дагы болсо экен деп кыялданып кеттим", - деди Анара Базаркулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан