Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн аймактык инспекторлору тарабынан жайлоого малды багып берем деп алып кетип, сатып жоготуп салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү ушул жылдын март айында Ош шаарына караштуу айыл аймагынын жашоочуларынан жайлоого малды багып бермекчи болуп алып кеткен. Андан соң көбүн сатып жиберген.
"Арыздануучулардын жалпы саны 21. Алардын ичинен бир жабырлануучу эң көп 36 коюн жоготсо, эң азы 6 коюнан ажыраган. Ошондой эле 6 баш бодо мал жоголгон. Шектүү жайлоодон келип, бир жерди айтып, ошол жактан малыңарды алып алгыла деп андан ары өзү качып кеткен.
26 жаштагы шектүү буга чейин уурулук, алдамчылык беренелери менен 3 жолу соттолгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.