Вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында өзгөчө статуска ээ болгон айрым чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруу маселеси боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиясынын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 2018-2020-жылдарга карай 33 иш-чара камтылган, бул максатта бюджеттен 305 миллион сом бөлүнгөн.
Учурда мамлекеттик программанын алкагында 14 мамлекеттик объект толук көлөмдө бүткөрүлүп, 19 объект, анын ичинде социалдык, суу чарбалык, энергетикалык жана жээктерди чыңдоо объекттери жыйынтыкталуу алдында турат.
Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик программанын алкагында алынган бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылууга тийиш.
“Мамлекеттик программа өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат, анын аткарылышынан өзгөчө статуска ээ болгон чектеш аймактарда жашаган калктын бакубаттуулугу көз каранды. Бардык объектилердин курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү керек”, - деп белгиледи Максат Мамытканов.
Жыйынтыгында Максат Мамытканов мамлекеттик органдарга мамлекеттик программага киргизилген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.