Бишкектеги Чүй кең көчөсүндө жайгашкан "Greenwich Pub" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кафеден чыккан өрт 15:36да чектөөгө алынган, ал эми саат 16:12де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.