УКМК Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбай турган курал табылып, ал экспертизага жөнөтүлгөнү айтылды.
Бүгүн, 20-ноябрда Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Турганбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.
"Мен эмгек өргүүсүнө чыгып дарыгерлердин сунушу менен чет мамлекетте дарыланып жаткам. Мен кеткенден кийин УКМКнын кызматкерлери менин кабинетиме барып, тинтүү жүргүзгөн экен. Андан кийин менин инимдин үйүнө барышыптыр", - дейт ал.
Тургунбаевдин айтымында, УКМКнын беткапчан, куралчан кызматкерлери анын энесин жана жаш баласын коркуткан.