Кыргыз тасма жаратуучуларынын эмгектери Түркияда өткөн сынактарда байгеге ээ болду

Режиссёр Ибадулла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы Түрк дүйнөсүнүн фестивалында мыкты деп табылып, байгеге ээ болду. Быйыл 5-ирет өткөн фестивалда 28 тасма ат салышкан. Пандемия шартына байланыштуу иш-чара онлайн форматта өткөн.

Мындан тышкары дагы бир кыргыз тасмасы Түркияда жыйынтыкталган "Келечектеги коммуникаторлор" эл аралык фестивалында жеңүүчү аталды. Тасма "Тайгак жолдо" деп аталып, анын режиссёру студент - Гүлнара Айтматова. Бул тасма анын дипломдук иши экенин Кыргыз кинематографисттер союзунан билдиришти.


Ноябрь айынын соңунда аталган даректүү тасма Орусияда өтө турган фестивалга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан