Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан бери коомчулуктун назарынан оолак болуп, күйөрмандары менен байланышты социалдык тармак аркылуу түзүп келген. Жакында эле алгачкы жолу жүзүн көрсөткөн ырчы айым борбордогу дүкөндөрдүн биринде шоппинг кылып жүргөн сүрөтүн жарыялады.
Ал эми ырчынын жолдошу Нурлан Насип экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп: "Келинчегимдин кыялын орундатып келдим. Кудайдын буйругу менен акырындан жакшы болуп келе жатабыз" деген билдирүүсүн калтырган.
Таттуу түгөйлөрдүн мурдагыдай жетелешип, коомдук жайларга чогуу барганы көпчүлүктүн кубануусун, суктануусун жаратты.
Окуянын чоо-жайы:
26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.
Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.