Оозу скотчтолуп, колу, буту байланган абалда табылган. Окуя боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки тергөө иштери башталды

Интернетке колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жарандын сүрөтү тараган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки кылмыш иши ачылганын Чүй ОИИББинин маалымат катчысы кабарлады.

Бүгүн, 21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, маркумду асылган абалда турганын аныкташты. Маркумдун денесинин айрым бөлүктөрү скотч менен оролуп, байланган. Окуянын бардык жагдайлары териштирилүүдө. Азырынча маркумдун аты-жөнү, жашы тактала элек.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды", - деп кабарлады басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bema_bema
2020-11-22 21:46:20
Мыкаачылар кобойуп кетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан