"Эки жолу операция жасалат". Кайрат Примбердиев жубайынын кырсыкка кабылганы тууралуу айтып берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля Примбердиеваны унаа сүзүп кеткени, ага операция жасатуу күтүлүп жатканы маалымдалган.

Ырчы мырзага байланышып, кырсык тууралуу сураганыбызда, окуя 20-ноябрда орун алганын айтты.

"20-ноябрда күндүз саат 11:30 чамасында Абдрахманов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен бир аз өйдөрөөк жакта болгон. Жубайым өзү айткандай, эки тарап тең жолго туура эмес чыгып алышкан.

Жубайымдын бет сөөгүнүн сол жагы сынган, ага эки жолу операция жасалат экен. Биринчиси шейшемби күнгө белгиленди. Экинчи операция 7-8 айдан кийин болот.

Айдоочуга карата дообуз жок, ал дагы жардам берип жатат", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kamchatka
2020-11-22 09:21:26
Аялыны эмес сени сузуп кетпептир машине
-25
azamat85
2020-11-23 13:03:20
kamchatka, бироого олум тилегенче озуно омур тиле дейтко, андай дебе уят болот
0
nazira...
2020-11-22 21:14:31
Кайраттын душманы го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан