Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде кыргыз мушкери, Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкер айым менен кез келди.
Беттеште Антонина Шевченко атаандашынан бир топ күчтүү болуп, экинчи бөлүктө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.
Муну менен Антонина Шевченко UFC уюмунда сегизинчи (эки жеңилүү) ирет жеңүүчү аталса, анын атаандашы карьерасындагы алтынчы жеңилүү ызасын тартты.