UFC 255: Валентина Шевченко турнир өтүп жаткан "UFC Apex" аренасына келди

Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 255 турнири өтүп жатат. Бул турнирде Бразилия, АКШ, Кыргыз өлкөсү, Шотландия, Мексика, Дания жана Гонконгдун мушкерлери катышууда.

Бишкек убактысы боюнча саат 08:58де кыргыз мушкери Валентина Шевченко турнир өтүп жаткан спорттук аренага келди. Ал 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майяга каршы чемпиондук курун коргойт.

Учурда негизги карддагы беттештер башталуу алдында турат.

Буга чейин ушул эле турнирде Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкерди техникалык нокаут менен жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Barsa84
2020-11-22 09:30:32
Ийгилик!
+3
kama_future_millioner
2020-11-22 09:33:00
Ийгилик Валя
+2
bekov01
2020-11-22 10:25:15
Валя алга!!!
+2
Fort1985
2020-11-22 11:10:32
Шееевченкооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан