Жениффер Майя Шевченкону жеңген мекендеши Аманда Нуньестен беттеш алдында кеңеш алганы белгилүү болду

Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 255 турнири өтүп жатат. Бул турнирде Бразилия, АКШ, Кыргыз өлкөсү, Шотландия, Мексика, Дания жана Гонконгдун мушкерлери катышууда.

Турнирдин алып баруучулары Валентина Шевченконун атаандашы бразилиялык Женнифер Майя буга чейин Валентина Шевченкону жеңген мекендеши Аманда Нуньестен кеңеш алганын айтты. Нуньес Майяга Шевченко тууралуу эмнелерди айтканы азырынча белгисиз.

Шевченко-Майя беттеши саналуу мүнөттөрдөн соң башталат.

Эске салсак, Аманда Нуньес менен Валентина Шевченко 2017-жылы UFC 215 турниринин алкагында кез келген. Анда Нуньес калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alym21
2020-11-22 11:22:58
Алга, Валентина.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан