БЛОГ: Эркти сынаган кереметтүү Көл-Төргө барганымды баяндайм (видео)

Чүйдүн Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүн көрүү кыялдарымдын бири эле. Көлгө чыгуу сезону бүтүп, бул жолу да ага чыкпай калдым деп аттиң кылып жатканымда жакын санаалаш дос балам Дуулат чалып, бул акыркы тур экенин, эми тоого кышында чыгуу мүмкүн болбой каларын айтып, эки күн мурун эскертти. Мындайды Кудай бербеспи деп дароо макул болдум.

Ал айткан күнү күн чайыттай ачык болуп турган, биздин тоонун үстүндөгү көлгө чыгуубуз эс алуу күнүнө белгиленди. Ал күнгө жакындаганда эле күн салаңдап, кабагын түйүп кирди. Ошентип ал күнү эртең менен саат 7:30да белгиленген жерге чогулуп сааттын жебеси 8ди көрсөткөндө шаардан Көл-Төрдү көздөй зуу койдук. "Ат жалында казан ас" демекчи жолдо сүйлөшүп, кызыктуу икаяларды айтып, өзүбүз төрөлгөн жердин кооздугун кеп кылып барганыбызгабы бат эле капчыгайга жетип бардык.

Унаадан түшүп капчыгайдын укмуштай суук экенин сездик. Белгиленген жерге жеткенибизде сааттын жебеси 10ду көрсөтүп турган. Ошентип капчыгай аралап жөө жалаңдап тоону көздөй жөнөп калдык.

Сууктун илеби бизди чыйрыктырып, алгач үшүп жаттык. Бирок аз убакыт өтпөй баскандан уламбы кадимки жандана түштүк. Бирок бизди күндүн суугу, кардын жааганы маанайыбызды түшүргөн жок. Тескерисинче, карагайлар ак көйнөк кийип, жашыл ак түс аралашкан өзгөчө табият көзүбүзгө укмуш кооз көрүнүп турду. Эми абанын тазалыгын кандай сезгенибизди сүрөттөп берүү мүмкүн эмес.

Көл-Төр көлү деңиз деңгээлинен 2 миң 733 метр бийиктикте жайгашып, ал Бишкек шаарынан 85 чакырым алыстыкта орун алган.

Кегети капчыгайы кооз табияты жана 20 метр бийиктиктен төгүлгөн шаркыратмасы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Шаркыратманын жол жээгине жайгашышы да келген коноктор, туристтер үчүн өтө ыңгайлуу.

Биз бир эле учурда тоону, шаркырап аккан сууну жана ак көйнөк кийген кооз балатыларды көргөнүбүзгө кубанып бара жаттык.

Башкасын билбейм, бирок мен тоого чыкпаганыма көп болгондуктан балалык күндөрүм көз алдыма чуурулуп, ал керемет күндөрдү эстеп бараттым. Жанымдагы досторум менен сүйлөшкөнчө улам тоону көздөй жогорулай бердик. Алгач тоону көздөй бет алганда капчыгай анча бийик болбогонго ага чыгуу жеңилдей сезилип жатты. Бирок улам бийиктеген сайын кыйналып, күйүгүп бараттым. Ага карабай бири-бирибизди жөлөп таяп, улам бийикти карай өрлөй бердик.

Мындай кооз табиятты көрүп телефон менен анын кооздугун сүрөт, видеого тартып калууга далалаттанат экенсиң. Бирок бир жагынан ушундай кооздукту сүрөткө түшүрүп убакыт кетиргенден көрө ырахаттана көз тойгончо көрүп алганым жакшы эмеспи деген ой кылт эте калды.

Бул оюмду аныгында туура деп тапкандыктан мени алаксыткан телефонумду сумкамдын чөнтөгүнө салып керемет кооздукту ырахаттана кароо менен жолду уладым.

Бирок ага карабай окурмандарга бул кооздукту беришим керек деген максаттан улам көргөндөрүмдү анча-мынча сүрөт, видеого тартып бара жаттым.

Көл-Төр көлү тоонун үстүндө жайгашкандыктан ага чыгуу түмөн түйшүктү талап кылат. Ошол эле учурда анын ырахатын айтпай кетүү мүмкүн эмес.

Дуулаттын айтымында, Көл-Төрдөн бир эле учурда төрт мезгилди көрүүгө болот. Тоо үстүндө жайгашкан көлдүн уникалдуулугу да мына ушунда.

Ошентсе да Көл-Төргө көбүнчө жөө басууну сүйгөндөр, тоого чыгып эс алууну каалагандар жана Көл-Төр көлүн көрүүнү арман кылгандар чыгат. Тоого досторуң менен жөө чыгып, пайдалуу пикир алышкан андан өтүп ырахат экенин айта кетейин. Биз жөө басып кызыктуу китептер, сүйүктүү жазуучуларыбыз, алардын чыгармалары, акындар жана туура тамактануу тууралуу сүйлөштүк. Мындайды Кудай бербеспи деп өзүм да кошо сүйлөп, маектешип, сүйлөгөндөрдү кулак түрө угуп бара жаттым.

Тоого чыгуу деле чоң эркти талап кылат экен, 8 чакырым бийиктикке жөө басып чыгуу оңойбу. Улам досумдан дагы канча калдык деп сабырым түгөнүп сурап коюп бараттым. Ал “аз калдык”, “жетип калдык”, “азыр мындан да кооз жерлерге күбө болосуң” деп улам алаксытып баратты. Кызыгы тоого чыга албай сабыры түгөнүп кетип калган адамдар да болот экен. Биздин максат тоонун чокусуна чыгып Көл-Төрдү көрүү болгондуктан, акыры ага чыгып Көл-Төрдү көрүү насип болду.

Бирок аба ырайы суук болгондуктан тоонун үстү арылдап шамал экен. Көл тоңуп калгандыктан анын үстүнө басуудан мурун кооптонуу пайда болду. Ар бир адам аны басууда муз жарылып кетпейби деп суроо салышат.

Чочулап суроо салып турсак Көл-Төргө бир эмес, бир нече жолу келген Аязбек агай "муз калың тоңгондуктан, ал жарылбайт, кабатыр болбогула" деп кабатырлангандарды жооткотту.

Биз көлдүн үстүндө муз тээп, сүрөткө түшүп керемет көлдү улам суктанып карап жаттык. Шамал катуу болуп бизди улам учурууга аракет кылып, сүрүп барып токтоткон учурлар болду.

Ошентип сүрөткө түшкөн, жолдо тамактанып, таза абадан кере жуткан, от жагып жылынган, маектешкен кызыктуу көз ирмемдерди камтыган биздин Көл-Төргө болгон сапарыбыз карыды. Келе жатканда тоодон түшүү жолдун тайгактыгын айтпаганда чыгууга караганда жеңил болду. Жер карайып күүгүм киргенде ылдыйга түшүп, унаабызга жайгашып шаарды көздөй зуу койдук.

Тоо чокусунда жайгашкан Көл-Төргө кышта чыгуунун түйшүгү менен жыргалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
yalegenda
2020-11-22 22:21:33
Керемет!!!
+1
bessmertiy
2020-11-22 23:37:51
Жакшы. Бирок тиги дарактын астына от жагып дарака зыян келтиргениңер үчүн экотехинспекцияга жана тиешелүү мекемелерге тиги сүрөттү далил катары жиберсе олчойгон штраф төлөйсүңөр.
+6
al-abu-kinesz
2020-11-23 02:07:24
Жакшы. Масканы чечип эле койбопсунар, таза абадан дем алып келмексинер ))
+1
Merch
2020-11-23 10:09:14
Жакшы, бирок ошончо жерден дарактын түбүнөн башка жер таппадыңарбы от жакканга?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан