Бүгүн, 22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 255 турнири болуп өттү. Турнирдеги аялдар арасындагы негизги беттеште кыргыз мушкери Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майяга каршы төртүнчү ирет чемпиондук курун татыктуу түрдө коргоп калды.
Шевченко жеңишинен кийин бардык эле күйөрмандары күткөн "лезгинка" бийин бийлеп берди.
Өз кезегинде Шевченко UFC уюмунун президенти Дана Уайтка мындан дагы оор беттештерге даяр экенин айтты.