Бишкектеги "ГУМ Чынар" соода борборунун алдында белгисиз аял эркек кишини уруп салды. Бул тууралуу окурман порталыбызга кабарлап, окуя болгон жеринен сүрөт, видеолорду жөнөттү.
Окурмандын айтымында, окуя бүгүн, 22-ноябрда болжол менен саат 16:20 чамасында орун алды. Анда соода борбордун короосундагы отургучта отурган балдакчан кишини аял киши уруп жиберген. Анын кесепетинен токмок жеген жарандын бети сыйрылып, канаган.
Жерине келген "Тез жардам" кызматы жабырлануучуну ооруканага алып кетти.