Эртең, 23-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым райондорунда кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2;
Талас облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5;,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5;
Бийик тоолордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13 градус суук болот.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүз 0…-2° болот.