Эже-сиңди Шевченколордун апасы тай боксу боюнча дүйнө чемпиону болду

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко тай боксу боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпиондугу онлайн режиминде өтүп, Елена Шевченко 40 жаштан жогоркулар арасында "Көлөкөлүү бокс" (Бой с тенью) бөлүмүндө өз өнөрүн тартуулады. Онлайн өткөн бул чемпиондукта катышуучулар тай боксундагы чабуулду, коргонууну жана ылдамдыгын көрсөтүшү керек болчу.

Елена Шевченко финалда америкалык атаандашын 30-27 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону аталды.

Муай-тай Таиланд өлкөсүнүн улуттук спорт оюндарына кирет. Аны менен машыгууда эки кол, чыканак, тизе жана эки бут колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kochkorbai96
2020-11-23 17:23:52
Азаматсыздар.Кыргыз эли сиздер менен сыймыктанат!
+7
kadyr83
2020-11-23 17:56:14
Kochkorbai96,мыкты
+3
zevs
2020-11-23 18:35:07
Чон апан дагы деле жашко
0
Alinur96kg
2020-11-23 18:43:52
Мына кептин баары каякта?
+1
narynbek2001
2020-11-23 19:20:15
Кыргыздардан ушундай кыйын кыз келиндер качан чыгат я
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан