"Өлкөгө Кыргыз эл республикасы деген аталышты сунуштайбыз", - деп бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү Кадырбек Кошалиев кеңешменин жыйынын жүрүшүндө билдирди.
"Элдик бийлик кирип жаткандан кийин өлкөнүн аталышында эл деген сөз туруш керек. Баштаганда эле ушундан башташ керек", - деди ал.
Мындан тышкары Кошалиев конституциялык реформа алкагында курултай системин киргизүү боюнча 15 долбоор каралып жатканын айтты.