28-сентябрда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын алдында спорт өкүлдөрүнүн парады болуп өттү. Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Роза Кайыкова, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов жана райондук жетекчилер, спорттук машыктыруучулар, жер-жерлерден келген спортчулар катышты. Иш-чара Каракол шаардык маданият кызматкерлери даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.