Биздин Ошко болгон сапарыбыз сентябрь айында болгон. Шаарга келип тарткан материалдарыбызды берүүгө убакыттын тардыгы, бир жагынан саясаттагы олку солку кырдаалдан улам жумуш күчөп, бул маегимди берүүгө убакыт таппай жаттым.
Убагы өтүп кетти деп таштап салайын десем бир жагынан эмгегимдин текке кетүүсүн каалабасам, бир жагынан багбандын баалуу кеңештерин чыгарбай коюу мүмкүн эмес болчу.
Булардын баары себеп болуп кечиккен блогумду акыры жазып жатам.
Биздин Ошко болгон иш сапарыбыз өтө кызыктуу жана пайдалуу болгонун айта кетпесем болбос. Анда Оштун тоолуу Кара-Кулжасынан баштап Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорун түрө кыдырып, керемет жерлерин көрдүк. Айрыкча Араван району тоолору, жылуу климаты өзгөчө өсүмдүктөрү менен эсте калды.
Жергиликтүү жашоочулар короосунда бышкан мөмө-жемишти терип, жолдун жээгине алып чыгып сатышат. Араванды көрүү үчүн келип, жолдон саргайып бышып турган курмага көз чалдыкты. Жанымдагы кесиптештериме "курманы өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм, жанына барып көрүп, даамын таталы" деп сунуш кылдым. Алар да дароо макул болуп, курма өскөн жер аянтын көздөй унааны зуу коюп, жөнөп калдык.
Аны айттырбай байкаган багбан короодогу курма дарагынан бышкан кызыл курманы үзүп, жакын аралыкта аны жууганга суу жоктугун эске алдыбы, айтор ыңгайсыздана түштү. Саамга ойлоно калып үстүңкү кийиминин чөнтөгүнө курманы аарчып берип, татып көрүүмдү өтүнүп, таза аарчылган курманы колума карматты. Эми ал курманын шириндигин, ширелүүлүгүн сөз менен айтуу мүмкүн эмес, тамшана жедим.
Кызыгы курма багынын ээси Тургунбай ата өзгөчө позитивдүү адам экен. Ал сүйлөгөндө тамаша аралаштырып сүйлөп, мени эле эмес биздин баарыбызды каткырыкка бөлөдү. Айрыкча анын чабылып сүйлөгөнү, мээримдүү караганы чоң атамды эстетип турду. Менин чоң атам дагы багбан болгон, ал ар бир көчөттү өзгөчө мээрим менен карап, аларды бутап жүргөнү эсимде калыптыр.
"Менин короомдо өсүп турган курмага беш жыл болду. Бул өсүмдүктөрдү мен үлүш жериме эккемин. Курма бейиштин мөмөсү деп айтылат, ал өтө ширин, жегиликтүү келип, сууну жакшы көрөт. Бирок ал суукка чыдамы жок болгондуктан алгачкы үч жылында үшүк алып кетпесин деп көп эмгек жумшайбыз, башкача айтканда, сууктан чүмкөп жерге көмөбүз", - деди багбан.
"Курма мөмөсү өтө көп ооруларга даба. Мисалы, ал богок оорусу, ичеги оорулары, андагы жаралар үчүн табылгыс дары. Бул касиетттүү өсүмдүктү өстүргөнүмдүн да себеби ошол", - деди багбан.
Ошентип биз курма багынан курманы тамшана жеп, багбандан аны өстүрүүнүн сырларын үйрөнүп сапарыбызды андан ары уладык.