Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кетүүгө шектелген айдоочу кармалды. Патрулдук милициянын маалымат катчысы кырсык 22-ноябрда болжол менен саат 22:10 чамасында орун алган.
Бишкек ШИИББинин нөөмөт кызматына Термичиков көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
"Кайгуул кызматкерлери жерине барып, болжол менен 50-55 жаш курактагы кебетеси азиалык болгон жаранды унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендигин аныкташкан. Кырсыктын кесепетинен жөө адам жеринен каза болгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе шектүү катары Деу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1989-жылы туулган О.Э. жана Д.М. аттуу жүргүнчү кармалган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө", - дешти мекемеден.