Каракол шаарында уурулукка шектелген топ кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында уурулук кылмышына шектелип кылмыштуу топ кармалды. ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, шаар тургундарынан милицияга бир нече арыз түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү: Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну Шухрат У., Рахимжан А. жана 19 жаштагы Дилшат А. колго түштү. 12 үйдөгү уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, топтун башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
logist
2013-09-30 11:19:47
эмне булар озбектерби аттары озбекчего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан