Талас шаарында кайрымдуулук каражаттарына 200 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулду

20-ноябрда Талас шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылышы болду. Заманбап, уникалдуу эки кабаттуу имарат Болот Абилдаевдердин үй-бүлөсүнүн жеке каражатына курулуп, шаардык мэриянын администрациясына өткөрүлүп берилди.

Талас шаарынын №19 мектепке чейинки билим берүү мекемесине Ералхан Абилдаевдин наамы берилди. Ал согуштан кийинки мезгилде Талас облусунун орто билим берүүсүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргыз ССРинин Эл агартуусунун отличниги.

Мындай чечим Талас шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 3-ноябрындагы токтомунун негизинде кабыл алынган.
Балдар мекемесин Талас шаардык мэриясына өткөрүп берүү аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары, ошондой эле Болот Абилдаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов “Билимдүү адамга дүйнө жарык”деген жакшы макал менен сөз баштады.

“Биздин балдар билим дүйнөсүнө алгачкы кадамдарын бала бакчалардан башташат. Болот Ералхановичке шаардын бардык жашоочуларынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, биздин балдарга, билим берүүгө көңүл бургандыгы үчүн, өтө керектүү жана өз убагында белек бергендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем”, - деди ал.

Эки кабаттуу балдар мекемесинин курулушу 2019-жылдын апрель айында башталып, атайын иштелип чыккан архитектуралык долбоордун негизинде жүргүзүлгөн. Бала бакчанын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашты. Долбоордун алкагында имараттын жана ички жайлардын уникалдуу дизайны иштелип чыккан, курулуш учурунда жалаң гана сапаттуу курулуш каражаттары колдонулган. Бала бакчаны курууда балдардын коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Талас шаардык мэриясынын жетекчилигине ачкыч тапшырылып, балдарды кабыл алуу жана андан ары ийгиликтүү билим алуу үчүн зарыл болгон бардык эмеректер жана шаймандар менен өткөрүп берди.

Жаңы мекеме 2 жаштан 7 жашка чейинки 200 баланы окутууга ылайыкташтырылган. Ар бир балдар тобунда өзүнчө уктоочу бөлмө, оюн бөлмөсү, даараткана, ашкана жана кийим чечүүчү бөлмө бар. Бала бакчада тайпалык бөлмөлөрдөн тышкары спорт залы, өзүнчө музыка жана ырдоо үчүн бөлмө, логопед бөлмөсү жана медициналык борбор да бар.

Мекеменин уюштуруучулары экономикалык блокко өзгөчө көңүл бурушкан. Тамак-аш даярдоо бөлүмү бардык керектүү шаймандар менен гана эмес, балдардын тамактануусун толук айлампасын камсыз кылуу үчүн муздак жана ысык цехтер менен жабдылган. Кир жуучу жайдан тартып мында зарыл болгон бардык керектүү нерселери бар. Бакчага жанаша жайгашкан, отургузулган кайың бактары, жана карагай менен кооздолгон аймак көңүл сыртында калган жок. Таза абада сейилдөөгө балдар үчүн кенен аянтча курулуп, ал 4 зонага бөлүнгөн.

Курулуштун жана ички жабдуунун жалпы наркы 93 миллион сомду түздү.

Болот Абилдаев: “Бизде таланттуу балдар көп. Бүгүнкү күндө биздин облустардын жаштары дүйнөдөгү ири корпорацияларда иштешет. Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси эң сонун жардамчы болуп, келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошуп, жогорку билимдүү жана тарбиялуу балдарды тарбиялайт деп ишенем", - деди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан