Оштун "Алай" футболдук клубунун дарбазачысы клубдан кетерин жарыялады

2020-жылдагы футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Кубогунун ээси, Оштун "Алай" футболдук клубунун белгилүү дарбазачысы Дастан Алыбеков клубдан кетерин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бул тууралуу "Алай" клубунун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристанга байланышканыбызда клуб дарбазачы менен келишимди узартуу тууралуу сүйлөшүу жүргүзөрүн билдирди.

"Дастан Алыбеков менен түзүлгөн келишим 31-октябрда аягына чыккан. Ал клубдан кетерин жазып калтырыптыр. "Алай" клубу дарбазачы менен келишимди узартуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзөт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tasma2014
2020-11-23 20:23:26
Койананайын кетпе сен кетсен дуйнолук ареналарда Кыргыздын намысын Ким коргойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан